A letter from May 20, 2026

Time Travelled — 6 months

Peaceful right?

Привет, жаным. Этот письмо мага аябай оор болуп жатат Балким сен мени түшүнбөйсүң балким дагы деле мени лишний эмоция кылып жатат деп ойлойсуң Мен дайыма биринчи жаздым биринчи издеп бардым биринчи жарашканга аракет кылдым Сен унчукпай калсаң да кайра өзүм сүйлөштүм сен таарынсаң да кайра өзүм түшүндүрдүм Анткени сен мен үчүн жөнөкөй адам эмес элең Мен сени жоготуп алуудан коркчумун баары сен күнөөлүүсүң деп айтпайм. Сенин да аракет кылган учурларың болду. Бирок мен эң кыйналган учурда сен мени түшүнбөй койдуң. Азыр менин жашоомдо эң оор күндөр өтүп жатат. Үй-бүлөм менен болгон проблемаларды сен билесиң. Өзүмдү жалгыз сезип колдоо издеп жүргөнүмдү билесиң. Мага ушул убакта кыйкырык эмес жөн гана түшүнүү керек болчу Нерв болуп кээде сөз көтөрө албай калганымды да билдиң Бирок ошол учурда сен да мага таарынып, мени ого бетер жалгыз калтырдың. . Ошол маалда менин ичимде эмне болуп жатканын сен билбейсиң… Мен сенин бардык кыялыңды көтөрүүгө аракет кылдым. Сен каалагандай болоюн дедим. Өзүмдү өзгөрттүм. Кээде өзүм болбой калдым. Сенин сөздөрүң мага катуу тийчү. Тескери адамсың дегениң башка кыздар менен салыштырганың, андай бол, мындай бол дегениң баарын ичиме жутуп жүрдүм Анткени мен сени сүйүп калгам.Мен сени сүйгөн үчүн өзүмдү жоготуп алдым. Мурдагы күлүп жүргөн өзүн баалаган кыз акырын жок болуп кетти. Азыр күзгүдөн өзүмдү тааныбай калдым. Бирок мен сага бир нерсени билгизгим келет мен жөн гана сүйүүнү кааладым. Мага көп нерсе керек эмес болчу. Жөн гана мен сенин жаныңдамын деген сөз жетмек. Мен сени жаман көрбөйм. Тескерисинче, дагы деле жакшы көрөм. Ошон үчүн жүрөгүм ушунчалык ооруп жатат. Сен менен бактылуу болом деп ойлогом. Но я больше не хочу жить Я тебя люблю и буду любить навсегда ♾️

Load more comments

Sign in to FutureMe

or use your email address

Don't know your password? Sign in with an email link instead.

By signing in to FutureMe you agree to the Terms of use.

Create an account

or use your email address

You will receive a confirmation email

By signing in to FutureMe you agree to the Terms of use.

Share this FutureMe letter

Copy the link to your clipboard:

Or share directly via social media:

Why is this inappropriate?